05.04.2021 / Кыргызстан

Сот реформасы кайрадан козголду

Сот реформасы кайрадан козголду

Парламент 31-мартта Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу четтетүү боюнча президенттин сунушун колдоп берди. 1-апрелде президент Жапаров Соттук реформа боюнча кеңешти жоюп, Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү деп аталган жаңы кеңеш түздү. Ага президент өзү төрагалык кылмай болду.

Президенттин Жогорку соттун төрайымын Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу бошотуу тууралуу сунушун 61 депутат колдоп берди, 4 депутат каршы чыкты. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхында Жогорку соттун жетекчилиги кылмыш жоопкерчилигине байланыштуу кызматынан четтетилген алгачкы учур болуп калды.

Калиева отурумга чакырылган жок

Сунуш каралып жаткан учурда депутат, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев отурумга Гүлбара Калиеванын өзүн чакырууну талап кылып, бирок ал сунушту спикер четке какты. Депутат муну Калиевага карата түздөн-түз басым-кысым деп баалады:

Дастан Бекешов.
   Дастан Бекешов.

"Гүлбара Калиева мурда маалымат каражаттары аркылуу өзүнө УКМКдан басым-кысым жасалып жатканын айткан. Мен Калиеванын өзүн парламентке чакырып, ошол суроону берип, тактайын дегем. Бирок мага ал чакырылбайт деп айтышты. Бул жөнөкөй судья эмес, райондук же шаардык соттун судьясы эмес, ал Жогорку соттун судьясы. Ошондуктан, биз аны угушубуз керек эле".

Дастан Бекешев Жогорку соттун төрайымы кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатышын мындан ары соттордун көз карандысыздыгына шек келтирүүчү жараян катары сыпаттады:

"Албетте, шек келтирет. Бирок жаңы Конституцияда ансыз деле соттор көз карандысыз боло албайт. Жаңы Конституция боюнча президент аткаруу бийлигин башкарат, судьяларды дайындайт".

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Гүлбара Калиеваны "Жергиликтүү сот" долбоору боюнча коррупциялык ишке шектүү катары жоопко тартууга уруксат сурап, Тартип комиссиясына былтыр декабрда кайрылган. Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы 4-мартта төрайымды кылмыш жообуна тартууга уруксат берген.

Ага чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе ал камакка алынарын айткан болчу. Кийинчерээк атайын кызмат Гүлбара Калиева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналып жатканын билдирген. Гүлбара Калиева "Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда бул айтылгандарды "негизсиз" деп билдирген.

Ишке ашпаган реформа

Жогорку соттун төрайымы кызматынан убактылуу четтетилгенден кийин, 1-апрелде президент Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түзүү тууралуу жарлык чыгарды. Ага ылайык, мыйзамдар боюнча талдоо жүргүзүү жана кеңеш үчүн сунуш иштеп чыгуу максатында эксперттик жумушчу топ түзүлөт. Азыр иштеп жаткан Соттук реформа боюнча мурда түзүлгөн кеңеш жоюлат.

Кеңешти президент Садыр Жапаров өзү жетектеп, курамына башкы прокурор, сот, атайын кызматтын жетекчилиги, экономика жана финансы, ички иштер, юстиция министрлери, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана юристтер кирген.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова президент Жапаровдун жарлыгы менен түзүлүп жаткан кеңеш шашылыш, Конституциялык реформа аягына чыкпай туруп түзүлүп жатканын эске салып, муну мыйзамсыз деп эсептейт.

Динара Ошурахунова.
   Динара Ошурахунова.

"Жаңы Баш мыйзам кабыл алына электе түзүлүп жатканы түшүнүксүз. Анткени, эртең Конституция кабыл алынса, мыйзамдардын баарын кайрадан ага ылайыктап өзгөртүү зарылчылыгы жаралат. Менимче, бул азыркы "тил алчаак" парламенттин тушунда мыйзамдарды кабыл алуу далалаты".

Кыргызстанда соттук-укуктук реформа талабы биринчи президент Аскар Акаевдин тушунан бери коюлуп келет. Акаевдин "Кыргызстанда элдин 80% сотторго ишенбейт" деп айткан сөзү кийинчерээк учкул сөзгө айланган. Сот реформасы боюнча бир катар органдар түзүлгөн.

Жарандык коом, эл аралык уюмдардын көмөгү менен 2019-жылы соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы жазык мыйзамдары күчүнө кирген. «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутуму, пробация институту иштей баштаган.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова жаңы эле күчүнө кирип, ишке ашып жаткан реформаны аягына чейин иштетүү зарыл экенин белгилеп жатат.

"Соттук-укуктук реформа болгонуна эки эле жыл болгон. Жаңы кодекстер жазылып, "Пробация", бирдиктүү реестр жөнүндө мыйзам долбоорлору жазылган. Анын баарын Европа биримдиги каржылаган. Эми тынчсыздандырганы - буга чейин ишке ашкан, киргизилген реформалардын жокко чыгып калышы. Анткени, бул кеңеш баш прокурор Курманкул Зулушевдин кызыкчылыгы менен түзүлүп жатат. Зулушев болсо башынан эле сот реформасына каршы болуп келген. Парламентте каршы чыккан. Ошондуктан, көптөн бери көксөп жеткен, аткарылган реформалар, киргизилген өзгөртүүлөр кайра жокко чыгартылабы деген коркунуч бар".

Жаңы кеңеш жаңыча иштейби?

Президент Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн кеңеш сот жана укук коргоо ишине, аткаруу өндүрүшүнө жана жазык-аткаруу системасына тиешелүү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун даярдап чыгат, кеңеш берүүчү орган болот.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы төрагасы Эркин Мамыров "Азаттыкка" аталган кеңештин иши менен конституциялык реформанын тиешеси жоктугун билдирди:

Конституциялык палатанын мурдагы төрагасы Эркинбек Мамыров (солдо) жана Жогорку соттун кызматынан убактылуу четтетилген төрайымы Гүлбара Калиева (оңдо).
   Конституциялык палатанын мурдагы төрагасы Эркинбек Мамыров (солдо) жана Жогорку соттун кызматынан убактылуу четтетилген төрайымы Гүлбара Калиева (оңдо).

"Президенттин алдында соттук реформа боюнча кеңештер түзүлүп, иштеп келген. Бул Конституциянын мурунку жана жаңы долбоорлоруна каршы келбейт. Бул кеңеш берүүчү орган. Бул кеңештин мурункудан айырмасы - сот тармагына гана эмес, укук коргоо органдарына да тиешелүү болчудай".

Президент Садыр Жапаров "соттордун кадыр-баркы кетти" деген сын пикирин 5-мартта сот кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирген. Ал сот калыстыгына көлөкө түшүргөн аракеттер судьялардын өзүнө гана эмес, мамлекеттин беделине шек келтирип жатканын айткан. Жакында кабыл алына турган жаңы Баш мыйзамда сот реформасын ишке ашыруу каралганын маалымдаган.

Реформа жана Баш мыйзам

Бир нече жылдардан бери сот реформасын талап кылып, жабык жайлардагы адам укуктары үчүн күрөшүп келе жаткан укук коргоочу, "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Жапаровдун демилгесин кубаттады. Укук коргоочу жаңы түзүлгөн кеңештин курамындагы адамдар чыныгы реформа үчүн иштеп берет деген ишеничте:

Төлөйкан Исмаилова.
 Төлөйкан Исмаилова.

"Сот реформасына эч кандай жакшылыктуу кадам жасалган эмес. Бул иш тобуна тажрыйбалуу юристтер, түрмөлөрдүн ичинде жүргөн, элдин укугун коргоп келген, жабык мекемелердеги абалды түшүнгөн адамдар, мисалы "Адилет" клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова да мүчө болуп кириптир. Мен ага ишенем. Чолпон айым Жогорку Кеңеште депутат да болгон. Күнүмдүк жашоодо сот системасынан жабыркаган адамдар менен иштешти. Дайыма консультация болушу керек. Эгер байланыш болбосо, иштебей калганда ажырым болот. Ар түрдүү консультанттар менен кеңешип, элге жагымдуу иш кылса, сот реформасы ишке ашат".

Кыргызстанда 2020-жылы 68 судья тартип жоопкерчилигине тартылган. Алардын ичинен 61 судьяга алдын ала эскертүү, экөөнө эскертүү берилген. 4 судьяга сөгүш жарыяланып, бирөө кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Мындан тышкары Тартип комиссиясы төрт судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Азаттык үналгысы