«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму «Turkmen.news» басылмасынын кабарчысы Нургелды Халыковду камактан бошотууга чакырды. Халыков быйыл жайында коронавирус боюнча абалды баалаш үчүн Түркмөнстанга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясынын сүрөтүн тараткандан кийин камакка алынган.
Кече Кыргызстан профсоюздарын рейдерлик басып алуу жолунун апогеи болду. К. Рыспаев, М. Асанакунов тарапташтары менен карапайым кызматкерлерди алдап КР Укук жазык кодексинин абдан оор 219-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш ишти кылышты.
Бул саясий рейдерлик басып алуу 2017-ж. январда башталган. Эмне дегенде ошол кездеги вице-премьер министр жана өкмөттүн өкүлөдөрүнүн көзөмөл астында төрага болуп шайланган.
Беларусту 26 жылдан бери башкарып келген Лукашенко август айында президенттик шайлоодо жеңишке жеткенден бери өлкөдө нааразылык акциялар уланып келет. Оппозиция шайлоо бурмаланганын айтууда. Өткөн жекшемби күнү дагы демонстрациялар болуп, эки жүздөн ашуун киши камакка алынды. Кармоо, убактылуу камоо сыяктуу чараларга карабай тургундар ар башка форматтагы нааразылык акцияларын өткөрүүдө.
«Кесиптик бирликтер» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууга жана Кыргызстандын профсоюз мүчөлөрүнө кысым көрсөтүүгө каршы митинг 2020-жылдын 10-ноябрында саат 10.00дөн 12.00гө чейин Чүй проспектиси 207 дарегинде өтөт.
Достор жана пикирлештер сиздерди күтөм! Депутаттардын өзүм билемдигине жол жок дейли!
Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын «Бир дүйнө Кыргызстан - 2020» XIV эл аралык фестивалында дүйнөнүн он чакты өлкөсүнөн экологиясы бузулган, таза суусуз оор аймактарды, аялдардын, балдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун чагылдырган 15 даректүү тасма көрсөтүлөт.