Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 51 жаштагы Роза Горбаева убактылуу кармоочу жайда (ИВС) үч жылдан ашык отурган. Бул аралыкта кордук көргөнү үчүн мамлекеттен 10 млн. сом компенсация төлөп берүүнү талап кылып, сотко кайрылган. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, 16-ноябрда аялдын арызын жарым-жартылай канааттандырды. Сот чечимине ылайык мамлекет Горбаевага 50 миң сом төлөп берүүгө тийиш. "Ыйладым... Сот чечим чыгарганда ызама чыдабай ыйладым. Кыргызстанда акыйкаттык жок экен. Үч жарым жыл убактылуу кармоочу жайларда көргөн кордугум үчүн 50 миң сом төлөп берсин дейт. Мага 50 миңдин кереги жок. Мен 10 млн. сом компенсация талап кылгам. Арызды акча үчүн эмес, принцип үчүн жазгам. ИВСтерде аялдар үчүн эч кандай шарт жок".
Кыргызстандыктарды эң олуттуу көйгөй катары жашоо деңгээли, баалардын өсүшү ойлондурат. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институту (IRI) 11-26-сентябрь күндөрү жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында белгилүү болду. Сурамжылоого катышкандардын 61% жашоо деңгээли жана баалардын өсүшүн эң башкы көйгөй катары атаган. Аталган институттун 21-февралдан 5-мартка чейин жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен. Бул жолу жумушсуздук көйгөйү экинчи орунга (51%) түшкөн.
“Азимжан Аскаровдун эч кандай күнөөсү жок. Анын күнөөсү акыйкат үчүн күрөшүп, карапайым элге жардам бергени болду. Күч огандары аны жаман көрчү эле, июнь окуясы шылтоо болуп, жалган доомат менен камалды".
Жогорку Кеңештин бир канча депутаты социалдык тармактагы фейк-аккаунттар менен күрөшүү үчүн былтыр президент тарабынан артка кайтарылган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун тез арада кабыл алууга чакырык жасашты.
Митингге чыккан кесиптик кошуундар бирлигинин талабы канаатандырылды. Бул тууралуу VB.KG`ге Кыргызстан Куруучулар профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов билдирди.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 340 миң бала жакырчылыкта жашайт. Алардын көпчүлүгүн жалгыз бой энелер багат.
Жогорку Кеңештин имаратынын алдына медицина кызматкерлери тынчтык жүрүшүнө чыгышты. Тынчтык жүрүшкө чыккандар пандемия маалында медкызматкерлер күнү-түнү иштегенин айтып, кенемте төлөнбөй жатканын белгиледи. Ошондой эле алар профсоюздун кереги жоктугун айтышууда. Алдын ала маалымат боюнча, жүрүшкө 100дөй адам чыккан.
Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстанда эң чоң көйгөй жумушсуздук экенин аныктады. Уюм өткөн аптада өлкөнүн социалдык абалы тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Расмий статистикага ылайык, Кыргызстандагы 200 миңдей адам жумушсуз. Бирок алардын саны мындан алда канча көп экени айтылып жүрөт.