10.03.2020 / Кыргызстан

Улуттук кеңеш Аялдар маршында күч колдонгон милиционерлерди айыптады

Улуттук кеңеш Аялдар маршында күч колдонгон милиционерлерди айыптады

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш кыз-келиндерге карата зомбулуктун бардык түрүн, айрым милиция кызматкерлеринин 8-мартта зордук-зомбулукка каршы жүрүшкө чыккандарга жасаган мамилесин айыптап чыкты.

Кеңеш 10-мартта тараткан билдирүүсүндө “Зомбулуктун бардык түрлөрүнө жол бербөө жөнүндө калктын түшүнүгүн кеңейтүү жана үй-бүлөлүк, гендердик зомбулукка карата сабырсыздыкты көрсөткөн өлкө боюнча «үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы 180 күн» маалымат кампаниясы жүрүп жатат, зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис чаралардын комплекси бекитилип, медиаплан даярдалды” деп белгиледи.

Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш 2012-жылы түзүлгөн. Анын максаты – гендердик өнүгүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, жүзөгө ашырууну координациялоо.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар аны үзгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты. (RK)

Азаттык үналгысы