15.04.2020 / Кыргызстан

Таажылуу тумоо: Мирбек Асанакуновдон жөн кутула албайсыңар

Таажылуу тумоо: Мирбек Асанакуновдон жөн кутула албайсыңар

Коронавирус улам көп адамга жукканы аныкталууда, дем алыш күндөрү алардын саны 400дөн ашып, азыр 430га жетти. Бактыга ажараша, жаңы өлгөндөр жок, бирок ооругандардын ичинен 80ге жакын адам – медиктер. Ири пандемиялар учурунда ушундай болот – оору жуккандардын бештен бири дайым – медиктер. Алар сактанат, бирок инфекциянын так ортосунда жүрөт да. 

 

Президент Жээнбеков бүгүн өзгөчө абал тартибинин мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу тууралуу жобого кол койду. Анын алдында президент Жогорку кеңештин төрагасы, премьер-министр, фракциялардын жетекчилери менен жолугуп, акылдашкан. Баары узартууну сунуштады. Мурда ал тууралуу – республикалык штабды жетектеген биринчи вице-премьер Боронов да айткан. Өзгөчө абал учурунда ар башка окуялар да болууда.

Мындай тартипти бийлик аргасыздан киргизип жатат, өзгөчө абал – жөн эле кимдир бирөөнүн экиленгени эмес. Эгер Кыргызстандын калкы Гонконг же Сингапурдукундай мыйзамды сыйлаган жана тартиптүү болгондо, мүмкүн, мындай тартиптин кереги деле жок болмок, бирок вируска каршы даба жок учурда элди бир-бири менен жолуктурбай, карантин киргизүү сыяктуу эски ыкмаларды колдонууга туура келүүдө.

Жана эл аны түшүнүп, жарыяланган эрежелерге баш ийип, бир-бири менен катнашты мүмкүн болушунча азайтууга тийиш. Азыр коомдо – ишемби күнү милиция тарабынан кармалган кыздын жүрүм-туруму кеңири талкууланууда. Ал бет кап кийбей жана документи жок көчөгө чыккан, милиция аны кармаганда болсо, аларды сөгүп кирген. Хулигандык үчүн ал кыз сот чечими менен 15 күнгө СИЗОго отургузулду.

Андан бир күн мурда милиция көчөдө башка да бир кызды кармаган, анын дагы бет кабы да, жанында документи да болгон эмес. Эгер мындай учурлар эске алынбай, тартип бузгандар жазаланбаса, анда эртең шаардын жарым калкы көчөгө чыгып, же шаар сыртына пикник уюштуруп кетсе, өзгөчө абалдын мааниси жоголот да. Бирок айрым адамдар жана уюмдар карантинден пайдаланып, такыр башка кылмыштуу иштерге барууда.

Мисалга, кечээ күнү белгилүү болгондой, Укук министрлигинин каттоо сайтында өлкөнүн Профсоюздар федерациясынын жетекчиси тууралуу маалымат өзгөрүп кеткени аныкталды. Ал Кеңеш 5-февраль күнү мурдагы төрага Мирбек Асанакуновду кызматтан алган жана Минюсттун сайтында төрайымдин милдетин Рысгүл Бабаева аткарат деп жазылып келген, бирок бүгүн кайра Асанакуновдун фамилиясы пайда болуптур.

Мындай аракет карантин учурунда жасалып жатат жана Укук министрлигинин расми маалыматына таянып, Асанакунов – андан конфискацияланган мөөрдү кайра жаңы жасатып, бир топ расми кагазга кол коюп жибериши мүмкүн жана аны менен профсоюздарга таандык пансионат же эс алуу үйлөрү башка колго өтүп кетиши ыктымал, карантин учурунда болсо ал мүлктүн ээлери ага каршы аракет көрүүгө үлгүрбөй калат.

«Бүгүнгө чейин, карантин жана өзгөчө абал тартиби болгондуктан, бардык тергөө жана сот иштери токтотулган, биз дагы арыз бергенбиз, Асанакунов дагы. Ал азыр Федерация кеңешинин чечимин мыйзамсыз деп талашып жатат – кворум болгон эмес деп, башка себептерди айтып. Бирок өзү бул маселе боюнча – Федерация кеңешинин чечимин жокко чыгаргыла деп сотко кайрылган эмес. Бүгүн биз расми түрдө жаңы арыз жазып, тапшырдык, ал каттоого алынды. Биз талап кылып жатабыз – качан жана эмне себептен, кайсы документтердин негизинде Минюсттун каттоо сайтында кайрадан анын фамилиясы чыга калды?» – дейт адвокат Анара Кыштобаева.

2017-жылдын январында Асанакунов Федерациянын төрагасы болуп мыйзамсыз шайланган деген соттун 2 чечими бар, Федерация кеңеши анын өзүн жумуштан алган, бирок Укук министрлигинде баары бир ушундай окуялар уланууда. Асанакуновду мыйзамсыз төрага кылган күчтөр – андан талап кылынган аракеттер аткарылбаса, ага каршы бир нерсе кылышы мумкүн, ошондуктан ал уят-сыйыттын баарын четке сүрүп койгондой.

Жана эгер андай күчтөрдүн айтканын Жогорку сот, Укук министрлиги же Жогорку кеңештин депутаттары аткарып жатса, өзгөчө абал тартиби учурунда бардык өзгөрүүлөр токтотулуш керек дегенди алар тоготпосо, карантин убагында дагы кандай иштер жасалып жатканын биз байкабай да калышыбыз мүмкүн, анткени андай күчтөр үчүн эч кандай жалпы кызыкчылык же адеп-тартип деген нерсе эч мааниге ээ эмес экен да. Андайлар согуш учурунда дагы элди карактоого даяр. Кеп ошондо.