27.05.2020 / Кыргызстан

ПРЕСС-РЕЛИЗ. "ҮСТҮБҮЗДӨГҮ ЖЫЛДЫН 1-ИЮНЬ КҮНҮ БИШКЕК ШААРДЫК АДМИНИСТРАТИВДИК СОТУНДА АЗИМЖАН АСКАРОВДУН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ АДМИНИСТРАТИВДИК ДООСУ БОЮНЧА АЛГАЧКЫ ОТУРУМ БОЛУП ӨТӨ

ПРЕСС-РЕЛИЗ. "ҮСТҮБҮЗДӨГҮ ЖЫЛДЫН 1-ИЮНЬ КҮНҮ БИШКЕК ШААРДЫК АДМИНИСТРАТИВДИК СОТУНДА АЗИМЖАН АСКАРОВДУН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ АДМИНИСТРАТИВДИК ДООСУ БОЮНЧА АЛГАЧКЫ ОТУРУМ БОЛУП ӨТӨ

2020-жылдын 1-июнунда саат 10.00до Бишкек шаардык административдик сотунда (Ибраимов  64, тел.: 0312 681390, 622731) Азимжан Аскаровдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө административдик доосу боюнча алгачкы отурум болуп өтөт.

2020-жылдын 11-майында сот процесси КРнын 2020-жылдын 11-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык район аралык сотторду кайрадан уюштурууга байланыштуу болгон жок. 

Иштин маңызы. 2019-жылдын  23-ноябрында журналист, сүрөтчү, укук коргоочу Азимжан Аскаров Кыргыз Республикасынын премьер-министри  М. Д. Абылгазиевдин наамына БУУнун Адам укуктары боюнча Комитетинин

мамлекет тарабынан Азимжан Аскаровдун укуктары: 7-берененин өз алдынча жана 2-берененин 3-пункту менен биргеликте; 9-берененин 1-пунктунун;  10-берененин 1-пунктунун жана Жарандык жана саясий укуктар боюнча Пакттын 14-беренесинин 3 (b) жана (e) пункттарынын бузулушу таанылган 2016-жылдын 31-мартындагы чечимин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө маалымат берүү боюнча кайрылуу жолдогон.

БУУнун Адам укуктары боюнча Комитети укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата кыйноолор жана катаал, адамгерчиликсиз жана кадыр-баркын басмырлаган мамилелер колдонулгандыгын аныктаган.  Ошондой эле, мамлекет жогоруда көрсөтүлгөн Пактта каралган келишимдик милдеттенмелерди бузуу менен, мамлекеттин укуктук системасында каралган жана мыйзам тарабынан белгиленген натыйжалуу укуктук каражаттарды камсыз кылган эмес. Аскаров мыйзам тарабынан белгиленген процедуралардын бузулушу менен эркиндигинен ажыратылган, кишенделген жана камоого киргизилген. Аскаровдун адвокаттары жана жактоочулар топтун кол салуусуна дуушар болгон,  адвокаттардын өмүрүнө коркунуч келтирилген, соттор басмырлоо жана коркутуп-үркүтүү атмосферасында өткөн. 

Бул иш боюнча Түшүндүрмөнүн 10-пункту аркылуу  Комитет мүчө-мамлекетти Азимжан Аскаровду токтоосуз бошотуу боюнча чараларды кабыл алууга, зыяндын ордун толугу менен толтурууну камтуу менен соттуулугун жок кылууга милдеттендирген.

Адам укуктары боюнча БУУ Комитети Түшүндүрмөлөрдү кабыл алгандан бери 4 жылдан ашуун убакыт өткөндүгүн эске сала кетүү абзел.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КРнын Конституциясынын 83-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат, ал өзүнө  конституциялык мыйзам тарабынан берилген ыйгарым укуктардын алкагында  2016-жылдын 31-мартындагы адам укуктары боюнча БУУнун Комитетинин    боюнча БУУнун Комитетинин   Түшүндүрмөлөрүн аткаруу боюнча эч кандай практикалык чараларды жүзөгө ашырган жок.

Кыйноолорго же катаал, адамгерчиликсиз жана кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын башка формаларына тыюу салуу 1996-жылдагы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 7-беренесинде камтылган, аталган пактка Кыргызстан КРнын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1406-XII токтому менен кошулган.

7-берененин формулировкасын өзгөчө аярлуу топ катары камактагы бардык адамдарга гумандуу мамиле кылууга кепилдик берген 10-берене толуктап турат. 

Бийлик БУУнун Комитетинин Түшүндүрмөлөрүнүн кароо форматын таптакыр тоготпой, кыйноолордун курмандыгы болгон Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан кароодо саясий эркин көргөзө алган жок.

Укук коргоочуларды коргоо боюнча атайын баяндамачы Мэри Лолор: «Акыры соңунда мамлекет кайсы тарапты - акыйкаттыкты же анын жок экендигин тандоо чечимин кабыл алышы керек деп эсептейм жана бул саясий чечим. Бул иш мен артка чегине турган иш эмес…»- деп баса белгиледи1.

2019-жылдын 4-июлунда жарыяланган юристтердин эл аралык комиссиясынын  А. Аскаровдун кылмыш ишин Чүй облустук сотунда кароонун жыйынтыктары боюнча юридикалык корутундусунда: "Биз жүргүзгөн талдоо көп жылдык процесске карабастан, Азимжан Аскаровдун кыйноолорго даттануулары боюнча натыйжалуу иликтөө жүргүзүлбөгөндүгүн жана адилет соттук териштирүү укугунан ажыратылгандыгын көрсөттү" деп белгиленет.

Юристтердин эл аралык комиссиясы "Кыргызстандын бийлигин келтирилген корутундунун негизинде чечимдерди кабыл алууга жана Аскаровго карата айып өкүмүн токтотууга, ал эми Аскаровдун өзүн камактан бошотууга" чакырды.

Юристтердин эл аралык комиссиясы кыйноолорго жана Аскаровго карата башка адам укугунун бузулушуна даттануулар боюнча иликтөө жүргүзүү зарылдыгы жана ага жогоруда көрсөтүлгөн келтирилген укук бузууларга байланыштуу тиешелүү зыяндын ордун толтуруу керектиги жөнүндө жыйынтыкка келди.

КРнын Өкмөтүнөн Азимжан Аскаровго, ал жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ЖАМКнын алдындагы №19 мекемесине жооп аны чечүүгө 30 күндөн ашпаган мөөнөт каралган "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамынын 8-беренесинин талаптарын бузуу менен кайтарылып, 2020-жылдын 10-февралында гана келип түшкөн.

"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, "Конституцияда жана КРнын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдер жана макулдашууларда жарыяланган адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо" милдети болуп саналган КРнын Акыйкатчысы А. Аскаровдун кайрылуусуна адвокаттар тарабынан демилгеленген сот процесстерин курулай тизмектеп, "Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарында каралган укуктук коргоонун бардык каражаттарын пайдаландыңыз" деп жооп берген.  

Кыргыз Республикасынын кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз жана адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча улуттук борбору - кыйноолорго жана башка катаал адамгерчиликсиз жана адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы Конвенцияга факультативдик протокол боюнча милдеттенмелерди Кыргыз Республикасынын аткарууга алышына көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал кыйноолордун курмандыгы Азимжан Аскаровду коргоо боюнча демилге көтөрбөй келет.

Азимжан Аскаров доону негиздөөдө Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин Өкмөт мыйзам тарабынан белгиленген тартипте  аткарылышын камсыз кыла тургандыгы, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, мыйзамдуулукту камсыз кылуу чараларын жүзөгө ашырат деп белгиленген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө шилтеме кылган. 

Кыргыз Республикасы "Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз жана адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы"  Конвенциясына, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка, Пакттын факультативдик протоколунун 1-беренесине кошулуу менен адам укуктары боюнча БУУнун Комитетинин компетенциясын таанууга милдеттенген.  

Азимжан Аскаров доо арызында Кыргыз Республикасы 1997-жылдын 5-июлундагы № 49 (КР үчүн 10-июнь, 1999-жылы күчүнө кирген) мыйзамы аркылуу кошулган эл аралык келишимдер жөнүндө Вена Конвенциясынын (Вена шаары, 23-май, 1969-жыл) 26-беренесине ылайык (Рaсtа sunt servanda) аракеттеги келишим анын катышуучулары үчүн милдеттүү экендигин жана алар тарабынан акыйкат аткарылышы зарылдыгын белгилеген.

 Аталган Конвенциянын 27 жана 46-беренелерине ылайык, катышуучу алар тарабынан келишимдин аткарылбай тургандыгы үчүн себеп катары анын ички укуктук жоболоруна шилтеме кыла албайт.  Тактап айтканда, мамлекет келишимдин ал үчүн милдеттүүлүгүндө анын ички укуктарынын тигил же бул жоболорунун бузулушун көрсөткөн  жагдайга шилтеме кылганга акылуу эмес.

Административдик доодо Азимжан Аскаров соттон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы Адам укуктары боюнча БУУнун Комитетинин анын иши боюнча Түшүндүрмөлөрүнүн аткарылышын камсыз кылуу жаатындагы аракеттерин жараксыз деп таанууну өтүнөт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн  Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылууга милдеттендирүүнү суранат.

Процессте Азимжан Аскаровдун кызыкчылыгын адвокаттар Валерьян Вахитов жана Хусанбай Салиев,  «Бир Дүйнө-Кыргызстан» УК башкармалыгынын төрайымы Толекан Исмаилова жакташат.

КРнын жазык-процесстик кодексинин "Соттук кабарлоолор" 104-беренесине ылайык,  соттор сот процессинин бардык катышуучуларын чакыруу боюнча тиешелүү жумуштарды алдын ала өткөрүшөт деп биз үмүт кылабыз. КРнын Өкмөтүнүн, КРнын Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жана Аскаровду коргоочулар сотто болушат деген ишеничтебиз. Абийир туткуну, кыйноолордун курмандыгы, укук коргоочу Азимжан Аскаровдун даттануусун натыйжалуу жана акыйкат соттук  териштирүү үчүн соттон коопсуз жана жагымдуу чөйрө камсыз кылып берүүсүн өтүнөбүз.

Бардык суроолор боюнча адвокат

 В. А. Вахитовго 0703 407 293 телефону аркылуу кайрылыңыздар.

 

«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы

1https://rus.azattyk.org/a/oon-spetsialnyi-dokladchik-mary-lawlor-interview-azattyk/30608602.html