19.04.2020 / Кыргызстан

Орусияда мигранттарга жеңилдиктер берилди

Орусияда мигранттарга жеңилдиктер берилди

Орусияда 15-июнга чейин чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзам бузуулар үчүн административдик чара колдонулбайт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу 18-апрелде жарыяланган жарлыгында көрсөтүлгөн. 

Жарлыкка ылайык патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүнө байланышкан милдеттүү узартуулар 15-марттан 15-июнга чейин убактылуу токтотулду. Башкача айтканда, бул арада мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбайт. 

Чет өлкөлүктөрдү депортациялоо, миграциялык эреже бузуулар үчүн административдик жаза чегерүү да белгиленген мөөнөт аралыгында токтоп турат.

Мигранттарды ишке кабыл алууда миграциялык документтер талап кылынбайт. Иш ордунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын жумуш берүүчүлөр камсыздашы керек болот. 

Орусия коронавирус пандемиясына байланыштуу май айына чейин эс алуу күндөрүн жарыялап, мамлекеттик мекемелер ишин токтотуп, карантиндик чаралар киргизилген. Бул жүз миңдеген мигранттарга көйгөй жаратып, миграциялык карта жана жашаган жери боюнча каттоо сыяктуу документтеринин мөөнөтүн узарта албай, Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрүү коркунучуна кептелген.

Орусияда ЕАЭБке мүчө Казакстан менен Кыргызстандын эмгек мигранттарынан патент талап кылынбайт.

Акыркы маалыматтар боюнча 750 миңдей кыргызстандык Орусияда эмгек миграциясында жүрүшөт. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанга он миң чамалуу мигрант кайтканы кабарланган. (LzT)

Азаттык Yналгысы