20.05.2023 / Кыргызстан

Иш учурунда кырсыктаган бардык кызматкерге компенсация төлөнүшү керек. Маек

Иш учурунда кырсыктаган бардык кызматкерге компенсация төлөнүшү керек. Маек
Коомдо кызмат убагында каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом компенсация берилгени тууралуу маалымат чоң талкуу жаратты. Кызыгы, буга депутаттар да нааразы болду. Мыйзам эмне дейт?

Sputnik Кыргызстан агенттигине курулуш жана курулуш өнөр жай материалдар кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Элдияр Карачалов болду. Биз кайсы кызматкерге кандай учурда канча компенсация төлөнүп берилиши керектиги жана анын жол-жобосу тууралуу сүйлөштүк.


Председатель профсоюза строителей и строительной индустрии Эльдияр Карачалов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023

Rурулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Элдияр Карачалов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков




— Компенсация төлөө маселесинде өздөрү жазган мыйзамга депутаттардын реакциясы бизди таң калтырды. Ошол себептен кенен түшүндүрмө берсеңиз?

— Жогорку Кеңеште каза болгон прокурорго 21 миллион сом эмнеге төлөнгөнүн уккан депутаттар дендароо болушту. Эмгек кодексинин 252-беренесине ылайык, кызматтык милдетин аткарып жаткан кызматкер каза болсо, ага 20 жылдык орточо эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолу кенемте төлөнүп берилет. Прокуратура тууралуу конституциялык мыйзамда да ушул норма көрсөтүлгөн. Ошондуктан туура кабыл алуу керек. Анткен менен мыйзам боюнча жумуш учурунда каза болгондордун баарына бирдей эреже менен компенсация берилет. Мындай кепилдик берилбей калган учурда профсоюздук уюмга кайрылуу керек. Мындан тышкары, каза болгон кызматкердин жашы жете элек балдары болсо иш берүүчү алар 18ге чыкканча ай сайын төлөм төлөп турушу керек. Ал эми балдар жогорку окуу жайга тапшыра турган болсо 23 жашка чейин төлөй турган төлөмдөр бар. Ошондуктан иш берүүчүлөр эмгекти коргоо маселесине өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Кырсык болуп кетсе чоң чыгашаларга алып келет.

— Бизде компенсацияны толук төлөп берген учурлар аз. Бул иш берүүчүлөрдүн мыйзамды билбестигиби же дагы башка себептери барбы?

— Биринчиден, бул мыйзамды билбегендик. Экинчиден, шалаакылык. Кээде жарандар мыйзамды билбей, иш берүүчүнүн айтканындай көрсөтмө берип, кенемте ала албай калган учурлар кездешет. Кошумчалай кетчү жагдай, маянадан социалдык чегерүү, салык алынат. Ал эми кенемте төлөнгөндө алынбайт. Мамлекеттик орган же жеке фирма болобу, компенсация бирдей төлөнүшү керек.

— Жумуштан кыскарганда же жаракат алганда кенемте алуу үчүн жумушчулар укугун кандай коргоп алса болот?

— Иш убактысында жаракат алгандар бейтапканага барганда "кырсык жумуш учурунда болду" деп айтышы кажет. Ал ошол боюнча жазылып калат. Анан мамлекеттик эмгек инспекторунун жана профсоюздун эмгек инспектору тергөө жүргүзөт. Жыйынтыгында коопсуздук техникасын сактаган болсоңуз, 100 пайыз төлөмдү алып беребиз. Ал эми эреже сакталбаса, кенемте кыскартылат, бирок төлөм сөзсүз болот. Майып болуп калсаңыз, тобуна жараша үч жылдык, беш жылдык жана сегиз жылдык атайын компенсация каралган.

Кээде жарандар мыйзамды билбей, иш берүүчүнүн айтканындай көрсөтмө берип, кенемте ала албай калган учурлар кездешет.


— Орточо эмгек акы менен окладдын айырмачылыгы каралабы?

— Орточо айлык деп окладга тажрыйбасына, чинине жараша кошулган төлөмдөр, кварталдык жана жылдык кошумча сый акыларды кошуп, жылдык эсеби чыгарылганда айтылат. Кээде майрам же эс алуу күндөрү иштеп калса, жумуштан кийин иштөөгө туура келсе да кошумча акы төлөнөт. Ушунун баары кошулуп келгенде 5000 сом оклад, 15 же 20 миң сом болуп калышы ыктымал. Ошондо бир жылдык маянаны эсептеп, андан орточо айлыкты чыгарабыз. Кенемте төлөө жагынан алсак, союз учурундагы Эмгек кодексинде жумуш учуру үйдөн чыккандан башталчу. Азыркы Эмгек кодексинде жумуш учуру — ички иш графигинин негизинде, жумуш ичиндеги убакытты камтыйт. Башка убакыт кирбейт. Эгер мекеменин ичинде жумуштан кийин да калып иштөөнү же дем алыш күндөрү да келүүнү жумуш берүүчү талап кыла турган болсо, анда кагаз түрүндө буйрук болушу керек. Андай буйрук жок болсо, кырсыктап калсаңыз кенемте төлөнбөйт. Анткени өз каалооңуз менен калып иштеген болуп каласыз.

— Жумуш маалында өз оорусунан же жумушка тиешеси жок себептен каза болуп калса кандай болуп калат?

— Жумушта оорунун негизинде каза болгон жагдайда атайын тергөө жүргүзүү тууралуу токтомду 2004-жылы өкмөт кабыл алган. Ал үчүн медициналык документтер каралып, анализ жасалат. "Кумтөрдө" ушундай учурлар көп кездешкен. Жетекчилик "өздөрү ооруп калды" деген менен изилдеп көрсө жумушка байланыштуу болуп чыккан. Бул үчүн жумушчу профсоюздук мекемеге арыз менен кайрылат. Иш сапарга чыкканда да, мекемеден чыккан күн менен кайра кайтып келген күн ошол иш сапардын курамына кирет. Бир күн дем алыш берилиши керек. Иш сапарда жүргөндө сутка ичиндеги 24 сааттын ичинде болгон кырсыктын баарына кенемте сөзсүз төлөнөт.

— Кызматкер кыскартууга кабылган учурдачы?

— Бул маселеде бир нерсеге көңүл буруу керек. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер менен аларды тейлеген кенже техникалык кызматкерлердин айырмасы бар. Техникалык кызматкерлер мамлекеттик же муниципалдык кызматка кирбейт. Алардын эмгек статусу бир гана Эмгек кодексинин негизинде каралат. Мындан башка патронаттык кызматкерлер (айыл өкмөттүн, төраганын кеңешчилери, жардамчылары) бар. Булар компенсация ала албай калат. Кыскартуу болгон учурда жумуш берүүчү орган мекеменин профсоюзун да кабардар кылышы керек. Андан кийин процесс кетет. Кыскартууга туш болгон мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлер бир ай убакыт берилет, башкача айтканда, дагы бир ай иштейт, бирок аптасына төрт күн гана эсептелип, бир күнүн жумуш издөөгө коротот. Маяна төрт күнгө гана төлөнөт.

Мамлекеттик-муниципалдык кызматкерлер жумуштан кеткенде акыркы айдын маянасын, эмгек өргүүсүнүн компенсациясын алат. Колдонулбай калган өргүүсүнө да кенемте төлөнөт. Анын үстүнө үч айлык маянасы кошо берилет. Иштен кыскартылган адам он жумуш күнүнүн ичинде Эмгек министрлигинин алдындагы атайын жумуш менен камсыздоо кызматына жумуш издеп жатканын билдирип, каттоого турушу керек. Ал кызматкерге кыскартып салган мамлекеттик же муниципалдык орган орточо айлыгын үч ай бою төлөп турат. Кийин тармагына жараша орун болуп калса, башка жактан кызматкер издебейт. Бирок мурдагы айлыктан азыраак маяна сунушталган ишке орношуп калса, мурдагы айлык төлөнүшү шарт.

Техникалык кызматкерлер кыскартылганда эки айлык маянасын дароо колуна алат. Булар да Эмгек министрлигине каттоого туруп, дагы орточо үч айлык маянасын алып турат.

Айрымдар кыскартууга туш болордо "ооруп калдым" деп ооруканага жатып алат. Мурдагыдай эмес, азыр ооруп жатса да кыскартып салат. Ошол жагын эске алгыла. Декреттеги кызматкерди жумуштан кыскартууга болбойт. Ал кийин сотко берчү болсо, ликвидация жокко чыгып калат. Мырзалардын да балалуу болгон учурда декрет алууга толук укугу бар.


Sputnik.kg