16.04.2021 / Кыргызстан

Бишкекте медкызматкерлер тынчтык жүрүшүнө чыгышты

Бишкекте медкызматкерлер тынчтык жүрүшүнө чыгышты

Жогорку Кеңештин имаратынын алдына медицина кызматкерлери тынчтык жүрүшүнө чыгышты.

Тынчтык жүрүшкө чыккандар пандемия маалында медкызматкерлер күнү-түнү иштегенин айтып, кенемте төлөнбөй жатканын белгиледи. Ошондой эле алар профсоюздун кереги жоктугун айтышууда.

Алдын ала маалымат боюнча, жүрүшкө 100дөй адам чыккан.

Нааразычылык акциясына чыккандар аралыкты сактап, беткап кийип алып турууда.

Эскерке кетсек, 2020-жылы коронавируска кабылган медкызматкерлерге 200 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнө турганы боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Ал эми иш учурунда каза болгон медиктердин туугандарына 1 млн сом компенсация төлөнмөк.