04.03.2021 / Кыргызстан

БИР ДҮЙНӨ-КЫРГЫЗСТАНДЫН АЧЫК КАЙРЫЛУУСУ КРНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ, ЖАРАН У.А.МАРИПОВГО

БИР ДҮЙНӨ-КЫРГЫЗСТАНДЫН АЧЫК КАЙРЫЛУУСУ КРНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ, ЖАРАН У.А.МАРИПОВГО

Урматтуу Улукбек Асамидинович,

Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк Планы менен дыкат таанышып чыктык.  Биз өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча жаңы кадамдарды кубаттайбыз.

Революциядан кийинки жаңы бийликтен, чечимдерди кабыл алуу процессинде коомдук деңгээлден  улуттук деңгээлге чейинки активисттердин бирдей катышуусун көп жылдардан бери күткөн жарандардын аялуу группасын толкунданткан сунуштарды эске аласыз деген ойдобуз.

КРнын Өкмөтү алгачкы жолу туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) жүзөөгө ашырылышы жана аткарылышы боюнча ыктыярдуу улуттук эсеп-кысап берди, ал эми, 2020-жылдын июль айында, бейөкмөт уюмдардын группасы жаңы рискттер жана кырсыктар, анын ичинде пандемия да камтылган эң маанилүү приоритеттүү сунуштардан турган өзүнүн альтернативалык докладын сунушкандынан кабарыңыз бар деген үмүттөбүз.

Бүгүн күндө Кыргыз Республикасынын жарандарын ушул суроолор түйшөлтөт: КРнын жаңы Өкмөтү 2020-жылдагы пандемия учурундагы сабактарды жана көп өлчөмдөгү өлүм-житимдин көрсөткүчүн эске алуу менен кантип жарандардын коопсуздугун камсыз кылат, өзгөчө кырдаалдар учурунда  коомчулукту жаңы аракет Планы камсыздай алабы, системалык тобокелдиктер жана адамдар жашаган рисктүү  зоналардагы конфликттер кантип чечилет? Булар 92 урандуу аймактар, алардын ичинен эң эле коркунучтуусу дүйнөдөгү 10 коркунучтуу жерлердин бири болгон Майлуу- Суу шаары. Системалык көйгөйлөрдү чечүүдө мүмкүнчүлүктөрдүн жана ресурстардын  дарамети канчалык, Кыргызстандагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кандай жаңы стратегиялардын жана рискттердин, кырсыктардын профилактикасы  бар?

Рисктүү жана кырсыктуу зоналарда жашаган адамдардын, Өкмөттүк жардам программаларына, ошондой эле кырсыктарды жана апааттарды жоюу боюнча коомчулук деңгээлинен тартып маанилүү адамдарга чейинки Эл аралык жардам долбоорлоруна болгон бирдей мүмкүнчүлүгү кантип камсыз кылынат?

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кантип иштейт, массалык маалымат каражаттарын жана жарандык коомдун катышуусунда коомчулукка эсеп-кысап берип ачык иштейби, Кыргыз Республикасындагы рисктердин, кырсыктардын жана апааттардын профилактикасына байланыштуу жаңы аракет Планынын биргелешип даярдалышы жана ишке ашырылышы боюнча, ошондой эле кырсыктардын алдын алынышы үчүн техникалык жана адам ресурстары тууралуу маалыматтар берилеби?

Сиз бизнес коопсуздугун камсыздоо боюнча жакшы маселеге токтолуп кеттиңиз. Биз, калкка, жергиликтүү бийликке жана бизнес структурага бийликтин жана бизнестин жоопкерчилиги; жарандардын экологиялык, социалдык, инсандык укуктарынын профилактикасын жана адам эркиндигин, ошондой эле жаңы принциптерди кеңири камтуу аркылуу маалыматка жана ресурстарга бирдей жеткиликтүүлүктү  көзөмөлдөө;  БУУ Бизнес жана Адам Укугу жетекчилигинин бизнес структураларын сактоо боюнча иш чараларды өз-өзүнчө эске алууну сунуштайбыз.

Биз, эмгектеги теңсиздикке жана эмгекчилердин укуктарын коргогон Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү көз карандысыз профсоюздар аркылуу бизнес менен бийликтин өнөктөштүгүн колдоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруп коюңуздарды суранабыз. Аялдарга жана кыздарга тыюу салынган кесиптердин тизмесин тез арада жокко чыгаруу маанилүү, анткени аялдардын эмгеке бирдей катышуусуна тыю салып, аялдардын укугун ачык басмырлаган КРнын Өкмөтүнүн токтому бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет.

Кыргыз Республикасынын пенсия саясатындагы теңсиздике, анын системалык саясатына көңүл бөлөсүздөр жана жакын арада  адилетсиздиктин коррупциялык системалык саясатын жана улгайган жарандардын укуктарын дискриминациялоону жок кылуу үчүн пенсиялык реформа жасайсыздар деген үмүттөбүз.

Кыргыз Республикасынын бюджеттик саясатындагы коррупцияга жана натыйжасыздыкка Сиздердин көңүлүңүздөрдү буруп кеткибиз келет. Биз мурда бюджеттик теңсиздик жана дискриминация тууралуу маселени көтөргөнбүз. КР ЖКнин Спикеринин, КРнын Премьер -министринин, КРнын Президентинин бюджеттен сырткаркы фондунун болушу дискриминациянын, натыйжасыздыктын, коррупциялуулуктун  механизми, ошоной эле элдик каражаттардын бөлүштүрүлүшү болуп эсептелет жана бул Кыргыз Республикасынын улуттук бюджетин найтыйжасыз, туура колдоно албагандыкка жатат. Туура калыптандыруунун, натыйжалуу бөлүштүрүүнүн жана бюджеттик каражаттарды коомдун курч социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн колдонуу убагы келди.

Кыргыз Республикасындагы бийлик институттарын оптимизациялоо боюнча. Биз бийликтин аткаруучу бутагын реформалоо жана бюрократиялык системадан баш тартуу кадамдарын колдойбуз. Биз, Кыргыз Республикасындагы Зордук-зомбулукка каршы Улуттук Борбор, ГАМСУМО сыяктуу ийгиликтүү институттар жаңы бийлик тарабынан колдоого алынат, зордуктарды жана жарандарга карата күч органдары тарабынан жасалган адамгерчиликсиз мамилелер фактысын жок кылуу үчүн эки тарапка тең пайдалуу өнөктөштүк бекемеделет жана жарандык коомдун катышуусу менен жаңы бийликтин чыныгы реформалары башталат деген үмүттөбүз. Биз БУУ жана ОБСЕ нин мүчөсү катары Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелердин алкагында улуттар аралык саясатты өнүктүрүү убагы келгендигине ишенебиз.

Корутунду катары, Эл аралык милдеттенмелердин жана БУУнун Комитетинин адам укугу, кыйноонун курмандыктары, алардын укуктарын калыбына келтирүү жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү" конституциялык Мыйзамдын форматындагы Сиздин ыйгарым укугуңузга ылайык, аларга компенсация төлөө пикиринин аткарылыш обзорун берүүңүздү сизге сунуштайбыз. Сиз, Кыргыз Республикасынын жогорудагы милдеттенмелерин өлкө ичиндеги жана Эл аралык коомчулуктун алдында, конституциялык реформанын принциптерин сактоо менен жүзөөгө ашырууга жоопкерчиликтүүсүз.

Кыргыз Республикасынын жарандык коомчулугу менен өнөктөштүк мамилеңиздин өркүндөшүнө ийгилик каалайбыз.

Биз сиздин демилгелериңизге жана милдеттенмелериңиздин ишке ашуусуна жардам көрсөткөнгө даярбыз.

Урматым менен, Бир Дүйнө – Кыргызстан уюмунун командасы жана директору

Толекан Исмаилова

www.birduino.kg

e mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com