09.03.2021 / Кыргызстан

Аялдар маршы: Теңчиликтин жарчысы

Аялдар маршы: Теңчиликтин жарчысы
Бишкекте «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңчилик, зордук-зомбулукка каршы ураандар чакырылды. Жүрүш бул ирет тынч, эч бир чыр-чатаксыз жыйынтыкталды.

Бул жолку жүрүштө активисттер “Окуган кыз ордун табат!”, “Кыздар баары бир жеңишке жетет!”, “Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт!”, “Аялдар үчүн коопсуз жашоо!”, “Кызыл камчы сынсын!”, "Тынч митингдерге эркиндик!" деген сыяктуу жазуулары бар баракчаларды көтөрүп бара жатышты.

Колуна кагаз көтөрүп бараткан активист Эржигит Имамов быйыл экинчи жолу аялдар тилектештигине арналган маршка келгенин айтты:

Эржигит Имамов.
  Эржигит Имамов.

“Былтыркы маршты кууп таратышкан. Ошондуктан бул жолу кыздарды коргойлу деп келдик. Бирок, провокация болгон жок. Мен бүгүн өзүм ак калпакты кийип алып, кыргыздын эркектери аялды кордобой, коргой турганын көргөзгүм келди”.

Катышуучулар Ак үй деп аталган парламент имаратынын алдына чогулуп, Чүй көчөсүн бойлоп Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигине барышты. Жөө жүрүштү 8/365 кыймылы баштаган бир нече демилгелүү топ уюштурду. Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңдик, зордук-зомбулукка каршы маалыматтар айтылып, ураандар чакырылды. 8/365 кыймылынын өкүлү Мира Токушева бул жолку жүрүш “Аялдык бакыт” тууралуу жаңылыш ойлорду төгүндөөгө арналганын айтты:

Мира Токушева.
 Мира Токушева.

“Аялдык бакыт бул - эркин болуу, акысыз билимге, өзүн өнүктүрүүгө кыздарга шарт түзүп берүү. Кыздар ала качууга кабылбай, аларда тандоо болушу керек. Мына ушунун баары аялдык бакыт. Биздин кыймылдын аты айтып жаткандай эле биз аялдардын укуктарын бир жылда бир күн эмес, 365 күн коргогонго аракет кылабыз”.

Жүрүшкө келген билим берүү жана тарбия боюнча адис Асылбек Жооданбеков аялдардын укугун коргоого коомчулук дайыма көңүл буруп турушу зарыл деп эсептейт:

“Аялдардын укугу тебеленгени жоюла элек. Биз 8-мартта куттуктап, жакшы сөз айтабыз. Бирок, аялдардын укугун коргоону дайыма, күн сайын улантышыбыз керек. Аялзатынын укугу толук сакталганда гана өнүккөн укуктук мамлекет болобуз”.


Уюштуруучулардын айтымында жүрүшкө 500гө жакын адам катышты. Алар жарандык активисттер, укук коргоочулар, блогерлер жана Бишкек шаарынын тургундары. Алардын бири блогер Азиза Мурзашева жүрүштүн аялдардын укугун коргоодо болгон маанисине токтолуп өттү:

“Ушундай жүрүштөрдөн кийин дайыма коомчулукта “Аялдар жакшы эле жашайт, аялдар бактылуу, эмне үчүн чыга бересиңер?” деген суроолор болот. А бирок, чындыгында аялдардын укуктарына байланыштуу чечиле элек маселелер көп. Биздин өлкөдө аялдар өзүлөрүн коопсуз сезе алышпайт. Алтургай үйүндө да кооптонушат. Менимче, бул абдан жаман көрүнүш".

Жүрүш активист Айдай Токоеванын зомбулуктан каза болгон аялдарга арналган перформансы менен жыйынтыкталды. Айдай өрүлгөн чачын эл алдында кесип салды:

Айдай Токоева.
  Айдай Токоева.

“Менин чачымдагы жазууларда зомбулуктан каза болгон аялдар тууралуу айтылган. Мисалы, "аялы тамакты жай бышырып жатат" деген шылтоо менен күйөөсү ага бензин чачып, газды күйгүзгөн. Же болбосо, “акча кана?” деп сураганы үчүн аялын сабап, өлтүргөн. Мен бул перформанс менен кыздардын укуктарына коомчулуктун, мамлекеттин көңүлүн бургум келди. Кыргызда “кыздын кырк чачы улуу” деген макал бар. Бирок, ал макал чындыкка дал келген жок. Ошондуктан чачымды кесип салдым”.

8-март күнү Ош шаарында да активисттер аялдардын укугун коргоого арналган тынч жүрүшкө чыгышты. Анын маалында активисттер аялдар укуктарына арналган кыргыз, өзбек тилинде плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Оштогу тилектештик маршы. 8-март, 2021-жыл.



Кыргызстанда «Аялдардын тилектештик маршы» бул ирет тынч, эч бир чыр-чатаксыз жыйынтыкталды.

Өткөн жылы 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» белгисиз адамдардын кийлигишүүсү менен үзгүлтүккө учураган. Алар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен.

Алты активист бул токтом мыйзамсыз экенин айтып, Свердлов райондук сотуна кайрылган. Сот ишти жабык карап, алардын өздөрүн күнөөлүү деп тапкан. Жогорку сот кийин ал чечимди жокко чыгарды.

Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда январь айынан бери 727 үй-бүлөлүк зомбулук Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.Буга чейин Улуттук статистика комитети үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн жарыялаган.

Азаттык уналгысы