24.02.2022 / Кыргызстан

Кыргыз-казак чек арасы: Кезек күткөн машинелер көбөйдү

Кыргыз-казак чек арасы: Кезек күткөн машинелер көбөйдү

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл бекетинде Казакстандын аймагына кирүү үчүн кезек күткөн автоунаалардын саны көбөйүп, беш чакырымга чейин тизилип турушат. Бир тобу тийиштүү уруксат кагаздарын даярдабай барып алгандар.

Ибрагим Паншаров Бишкектин түндүк тарабындагы айланма жолдо Токмок шаары тараптан келип кезекте турат. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө бекетинде анын кезеги тез дегенде бир суткада жетчүдөй.

“Москвага жүк тартып жөнөдүм. “Ак-Тилек” өткөрмө бекетине чейин алты чакырымдай жерде кезекте турам. Менин артымдан дагы келип жатышат. Мындай абал кимге жагат эле. Жөн эле убакыт, күйүүчү май ашыкча кетип жатат. Астыдагылар казак тарап кармап жатат дешет. Мен аныгын билбейм. Жүк ташыганыма 10 жылдай болуп калды. Кыргызстан ЕАЭБге кире элегинде жакшы болчу. Жеңил, тез өтчүбүз”.

Евгений Молчановдун чек ара бекетине кезеги жакындап калды. Казакстандын аймагына жүк алып кирүү үчүн кезекте турганына үчүнчү күн болгонун, мындай абалды эч ким түшүндүрбөгөнүн билдирди:

“Алар эч нерсе деле айтышкан жок. Болгону, "күткүлө" дешти. Биздин абалыбызды эч ким ойлобой эле жүрүшөт. Үч күн бою бул жерде турганым ашыкча чыгым менен коштолуп жатат да. Компьютер бир нерсе болду дешти. Дагы бир шылтоо айтышып эле өткөрбөй жатышат. Тиешелүү кызматтар сүйлөшүш керек да. Бизди эч ким укпайт. Түнү суук катуу болуп жатат. Тамак керек. Азыр менде 50 литр гана күйүүчү май калды”.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 180ден ашык жүк ташыган машине кезекте турганын билдирген. Маалыматка ылайык, 60тай автоунаа жүккө байланыштуу тиешелүү документтерди күтүп жатат. Чек арадан өтүүдө эч кандай шарттар өзгөрбөгөнүн "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайынын башчысы Муктарбек Мамбетакунов маалымдады:

Көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстан тараптан тыгын пайда болду. Биз кадимки шартта иштеп жатабыз. Мурда канча машине өтсө, азыр деле ошондой өтүп жатат. Кандайдыр бир өзгөрүүлөр же атайын өзгөртүүлөр киргизилген жок. Кошуналар тарапта деле ошондой иш жүрүп жатат. Алар да кадимки шартта иштеп жатышат. Саатына белгиленген жүк мурдагыдай эле өтүүдө. Биздин аймакта ушу тапта (ред.: 23-февраль, түшкү саат 12:00) кезек күткөн машинелер 180ден ашты. Жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйгөнү үчүн ушундай тыгын пайда болду”.

Көзөмөл өткөрмө бекетинде ар бир машине үчүн 20 мүнөткө чейин убакыт белгиленген. Учурда бир саатта он үчкө чейин автоунаа текшерүүдөн өтүп жатат. Кезек алып, бирок чек арадан өтө албай турган унаалардын айдоочуларынын арасында тийиштүү кагаздары толук эместигинен улам тургандары да бар. Кыргызстандан киргендерде декларациядагы жүк менен товар дал келбей, кагаздардын толук эместигинен убакыт көпкө созулуп, тыгын пайда болгон учурлар да бар экени айтылды.

Беш мамлекет курамына кирген ЕАЭБ тууралуу келишимдерге ылайык, бул өлкөлөр арасында бажы боюнча тоскоолдуктар болбой турганы айтылган. Биримдиктин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов буларды билдирди:

"Бул жүк ташыган унаалардын тыгындары биримдикке кирген эки өлкөнүн ортосунда гана болууда. Бул маселе Кыргызстан менен Казакстандын административдик чек арасы аркылуу өткөн товарларга тиешелүү. Биримдиктин ичинде бажы бекеттери жок экенин эске салгым келет. Ошондуктан, бажы чек аралары тууралуу сөз кылганда сырткы чектерди гана айтуу керек. Биримдиктин ичиндеги өлкөлөрдүн чек ара кызматтары көзөмөлдөгөн административдик чек аралар бар. Ал жерде бажы посттору жок. Анткени, бул аймактар ЕАЭБдин келишимдери менен жөнгө салынбайт. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн административдик чек араларынын коопсуздугу ар бир өлкөнүн мыйзамы менен жөнгө салынат".

Кыргызстан тараптан ташылган жүктүн көбөйүп жатканы, буга “Торугарт” бекети аркылуу Кытайдан кирген жүк ташуучу машинелердин саны мурункуга салыштырмалуу кыйла арбыганы себеп экени да айтылып жатат. Маалыматтарга караганда, мурда "Торугарттан" бир күндө 30 автоунаа өтсө, азыр анын саны 60ка чейин жогорулаган.

Жогорку Кеңеште соңку кездери кыргыз-казак чек арасынан жүк ташыган машинелердин өткөрүлбөй жатканына байланыштуу маселе бир канча жолу көтөрүлгөн. Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү жагдай тууралуу тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, анын жыйынтыгы чыга электигин билдиришкен.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргыз-казак чек арасында ишкерлер тушугуп жаткан маселе чечилет деп ишендирип, ЕАЭБдин алкагында убадаланган макулдашууларды казак тараптан чындыгында бузуулар болуп атканын айткан. Электрондук пломба жана эсеп-фактуралар, навигация ишке кирсе, абал кыйла жеңилдей турганын кошумчалаган.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Кез-кезде Казакстан тарап Кыргызстан аркылуу жүк алып киргендерге эрежелерди катаалдатып, түйшүк жараткан учурлар болуп келет.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Азаттык үналгысы


Курулуштагы мигранттар, Москва. Орусия.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ

Мигранттардын абалы, ЕАЭБге сын


Кыргыз-казак чек арасы.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ

Бишкек-Нур-Султан: экономикадагы тоскоолдук жана жаңы жолдор