Алгач узаган жылдын эсептерин бир сыйра тактап алалы. Анда кепти Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү менен баштайлы. Демек, Улуттук статистика комитетинин жаңы эсептеринде бул жааттагы көрсөткүчтөр кескин кыскарганы белгилүү болду. Мунун ичинде экспорт да, импорт азайып отурат.
Лондондо жайгашкан “The Economist Intelligence Unit” уюму чыгарган демократия индексине ылайык, “Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө авторитардык эмес жападан жалгыз өлкө, бирок авторитаризмге жакындап бараткан мамлекет” деп мүнөздөлдү. Анда Кыргызстан бир жыл мурдагы көрсөткүчтөн алты тепкич артка кеткени белгиленген.
«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму «Turkmen.news» басылмасынын кабарчысы Нургелды Халыковду камактан бошотууга чакырды. Халыков быйыл жайында коронавирус боюнча абалды баалаш үчүн Түркмөнстанга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясынын сүрөтүн тараткандан кийин камакка алынган.
Кече Кыргызстан профсоюздарын рейдерлик басып алуу жолунун апогеи болду. К. Рыспаев, М. Асанакунов тарапташтары менен карапайым кызматкерлерди алдап КР Укук жазык кодексинин абдан оор 219-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш ишти кылышты.
Бул саясий рейдерлик басып алуу 2017-ж. январда башталган. Эмне дегенде ошол кездеги вице-премьер министр жана өкмөттүн өкүлөдөрүнүн көзөмөл астында төрага болуп шайланган.
Беларусту 26 жылдан бери башкарып келген Лукашенко август айында президенттик шайлоодо жеңишке жеткенден бери өлкөдө нааразылык акциялар уланып келет. Оппозиция шайлоо бурмаланганын айтууда. Өткөн жекшемби күнү дагы демонстрациялар болуп, эки жүздөн ашуун киши камакка алынды. Кармоо, убактылуу камоо сыяктуу чараларга карабай тургундар ар башка форматтагы нааразылык акцияларын өткөрүүдө.