Жаңылыктар

03 Март, 2020 / Кыргызстан
Бишкекте «Караван» соода борборунун арендаторлору митингге чыгышты

Бишкекте «Караван» соода борборунун арендаторлору митингге чыгышты

Бүгүн Бишкекте «Караван» соода борборунун арендаторлору митингге чыгышты. Алар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, соода борборду электрондук сатыктан алып салууну суранышууда.
02 Март, 2020 / Кыргызстан
Майлуу-Суу лампа заводунун араңжан абалы

Майлуу-Суу лампа заводунун араңжан абалы

Майлуу-Суу электр лампа заводунда өндүрүштүн ыргагы басаңдап, жумушчулар да азая баштады. 10 жылдан ашуун банкроттук абалда иштеп келаткан заводдогу жумуштун токтошу жергиликтүү тургундарды да тынчсыздандырууда. Заводдун абалын былтыр декабрь айында премьер-министр да келип көрүп кеткен.
27 Кызматтар, 2020 / Кыргызстан

Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы Конвенцияга 2014- жылдагы протокол ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы Конвенцияга 2014-жылдагы протоколду ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 16-январында кабыл алынган.
26 Кызматтар, 2020 / Кыргызстан
Асанакуновдун иштен кетишин талап кылган үч аял ачкачылык жарыялады

Асанакуновдун иштен кетишин талап кылган үч аял ачкачылык жарыялады

Кесиптик кошуундар федерациясынынын имаратында ушул тапта үч аял ачкачылык жарыялап отурат. Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну Динара Ракымбаеванын айтымында, алар ачкачылыкты 24-февралда башташкан.
21 Кызматтар, 2020 / Кыргызстан
Ортомчулардын оюнчугуна айланган мигранттар

Ортомчулардын оюнчугуна айланган мигранттар

Ортомчуларга ишенип Орусияга Кыргызстандан ишке келгендер кандай акыбалда? Жакшы айлык менен жакшы иш убада кылып, мигранттардан акы алып, чет жакка жөнөткөндөрдү ким көзөмөлдөйт?
21 Января, 2020 / Кыргызстан
Кыргызстан БУУда адам укугу боюнча маалымат берди

Кыргызстан БУУда адам укугу боюнча маалымат берди

Кыргызстан 20-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы адам укуктары боюнча кеңешинде өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу маалымат берип, акыркы төрт жыл ичинде аткарылган иштерди тизмектеди.
18 Бештин айы, 2019 / Кыргызстан
Кыргызстан: Тынчтыкка жана гүлдөп-өсүүгө жол азчылыктардын укуктарын урматтоо аркылуу камсыз кылынат деп эсептейт БУУнун эксперти

Кыргызстан: Тынчтыкка жана гүлдөп-өсүүгө жол азчылыктардын укуктарын урматтоо аркылуу камсыз кылынат деп эсептейт БУУнун эксперти

Кыргызстан тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү камсыз кылууну кааласа, кээ бир жетишкендиктерге  токтолбостон, азчылыктардын адам укуктарын камсыз кылуу, өзүнүн демократиялык институттарын чыңдоо жана инклюзивдүү коомду түзүү боюнча андан аркы чараларга муктаж, - деди өлкөгө иш сапарынан кийин азчылыктардын адам укуктары боюнча БУУнун эксперти.  Атайын баяндамачы Фернан де Варен Кыргызстандын адам укуктары боюнча эл аралык түзүмдөрү менен уланып жаткан өз ара аракеттенүүсүн жана адам укуктары боюнча жаңы иш-аракеттер планын кабыл алуусун кубаттап, бирок адам укуктарынын жаатындагы ар тараптуу мыйзамдарды, жана өзгөчө басмырлоого каршы жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууга  өтүндү.
14 Бештин айы, 2019 / Кыргызстан
Шахтадагы өлүм: эки ача тыянак

Шахтадагы өлүм: эки ача тыянак

Арызданган тарапта өлүмгө өндүрүштүк жараян себеп болгонун тастыктаган документтер бар, бирок Мамлекеттик экотехинспекциянын жергиликтүү башкармалыгы андан кабарсыз.
08 Тогуздун айы, 2019 / Кыргызстан
Алты өмүрдү алган шахтадагы кырсыктар

Алты өмүрдү алган шахтадагы кырсыктар

Күн сууктап, көмүр сезону башталганы шахталарга түшүп каражат табам деген жергиликтүү тургундардын аракети күчөйт. Бирок, жыл сайын шахталарда киши өмүрүн алган окуялар катталып жүрөт.
27 Аяк оона, 2019 / Кыргызстан
Дыйкандар кант кызылчасынан күйдү

Дыйкандар кант кызылчасынан күйдү

Чүйдүн Ысык-Ата районунда дыйкандар «Кайыңды-Кант» заводу келишимди бузуп жатканын айтып чыгышты. Чүйдүн талааларында кант кызылчасын жыйнап-терүү убагы башталды. Бирок быйылкы түшүмүн чогултуп жаткан дыйкандардын маанайы суз. Алар завод буга чейин кабыл алынган түшүмдүн 40% акчалай, калганын кумшекер менен берсе, быйыл 28% гана акча түрүндө бермей болгонун айтышууда. Завод өкүлдөрү муну өлкөгө импорттолгон кумшекердин көптүгү жана анын арзандашы менен түшүндүрүштү.