Жаңылыктар

14 Май, 2020 / Кыргызстан
Аскаровдун иши: пандемия, эл аралык реакция эске алынган жок

Аскаровдун иши: пандемия, эл аралык реакция эске алынган жок

«Азимжан Аскаровдун ишинин артында Аскаровду мыйзамсыз кармаган милиция кызматкерлери, тергөөчүлөр бар. Бул ишке аралашкан прокурорлор Жогорку сотто, Башкы прокуратурада кызматта отурушат. Булардан башка да чиновниктер бар. Биз Кыргызстандын азыркы акыбалын жакшы түшүнүп турабыз. Кыргызстанда сот реформасы туңгуюкта жана эч кандай адилеттүүлүк жок экенин бүгүн дагы бир жолу көрдүк».
07 Май, 2020 / Кыргызстан
Близкие Эмилбека Кимсанова обратились за помощью к президенту

Близкие Эмилбека Кимсанова обратились за помощью к президенту

Ранее Комитет гражданского контроля также направлял главе государства обращение с просьбой защитить основных свидетелей крупных коррупционных схем, таких как Эмилбек Кимсанов. Но и правозащитники, и родственники бывшего сотрудника ГТС отмечают, что власти никак не отреагировали на эти призывы.
07 Май, 2020 / Кыргызстан
Сел өкмөткө жаңы түйшүк жаратты

Сел өкмөткө жаңы түйшүк жаратты

Депутаттар табигый кырсыктардын алдын-алуу жана аны жоюу иштерине бюджеттен жетиштүү акча бөлүнбөгөнүн, селдин нугун буруу үчүн салынган дамбалар сапатсыз курулганын сынга алышты.
29 Чын куран, 2020 / Кыргызстан
Илдет миграция саясатынын чабалдыгын көргөздү

Илдет миграция саясатынын чабалдыгын көргөздү

Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын оор абалда калганы Кыргызстандын миграциялык саясатына байланыштуу маселени козгоду. Өкмөт эмгек мигранттарына жардам бере албай, алардын аэропорттордо, чек араларда калып кеткен оор жагдайлары өзгөчө учурда координациянын жоктугун көргөзүп койду дешет талдоочулар.
19 Чын куран, 2020 / Кыргызстан
Орусияда мигранттарга жеңилдиктер берилди

Орусияда мигранттарга жеңилдиктер берилди

Орусияда 15-июнга чейин чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзам бузуулар үчүн административдик чара колдонулбайт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу 18-апрелде жарыяланган жарлыгында көрсөтүлгөн.
15 Чын куран, 2020 / Кыргызстан
Таажылуу тумоо: Мирбек Асанакуновдон жөн кутула албайсыңар

Таажылуу тумоо: Мирбек Асанакуновдон жөн кутула албайсыңар

Укук министрлигинин каттоо сайтында өлкөнүн Профсоюздар федерациясынын жетекчиси тууралуу маалымат өзгөрүп кеткени аныкталды. Ал Кеңеш 5-февраль күнү мурдагы төрага Мирбек Асанакуновду кызматтан алган жана Минюсттун сайтында төрайымдин милдетин Рысгүл Бабаева аткарат деп жазылып келген, бирок бүгүн кайра Асанакуновдун фамилиясы пайда болуптур. Мындай аракет карантин учурунда жасалып жатат жана Укук министрлигинин расми маалыматына таянып, Асанакунов – андан конфискацияланган мөөрдү кайра жаңы жасатып, бир топ расми кагазга кол коюп жибериши мүмкүн жана аны менен профсоюздарга таандык пансионат же эс алуу үйлөрү башка колго өтүп кетиши ыктымал, карантин учурунда болсо ал мүлктүн ээлери ага каршы аракет көрүүгө үлгүрбөй калат.
27 Март, 2020 / Кыргызстан
Мен - биригүү эркиндиги үчүн!

Мен - биригүү эркиндиги үчүн!

Урматтуу Сооронбай Шарипович,
Биз, Кыргыз Республикасынын профсоюздарынын 700 000 мүчөсү, учурда КРнын Жогорку Кеңешинде каралып жаткан, Кыргыз Республикасынын “Кесиптик кошуундар жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алууга каршыбыз.
16 Март, 2020 / Кыргызстан
Президенттин көнүлүн буруу үчүн профсоюздун активисттери  "700 миң жумушчунун үнүн угуп коюуңузду өтүнөбүз!" деген кайрылуу менен акцияга чыгышты

Президенттин көнүлүн буруу үчүн профсоюздун активисттери "700 миң жумушчунун үнүн угуп коюуңузду өтүнөбүз!" деген кайрылуу менен акцияга чыгышты

Бүгүн, 16 мартта, КПФ имаратынын алдында Президенттин көнүлүн буруу үчүн профсоюздун активисттери
"700 миң жумушчунун үнүн угуп коюуңузду өтүнөбүз!" деген кайрылуу менен акцияга чыгышты.
10 Март, 2020 / Кыргызстан
ЕАЭБ: мигранттар пенсиясы үчүн кабатыр

ЕАЭБ: мигранттар пенсиясы үчүн кабатыр

Алты жыл мурда убада берилген ЕАЭБдин мигранттарын пенсия менен камсыз кылуучу келишим кабыл алынды.
90-жылдары миграциянын биринчи агымында сыртка чыгып кеткен мекендештердин көбү бул маалда пенсия курагына жетип калган кези. Жашы 60ка таяп, эми Кыргызстанга кайтууну ойлонуп жүргөн Айнаш Жумабаева Москвада 10 жыл бою бир жерден жылбай ашпозчу болуп иштеген.
10 Март, 2020 / Кыргызстан
Улуттук кеңеш Аялдар маршында күч колдонгон милиционерлерди айыптады

Улуттук кеңеш Аялдар маршында күч колдонгон милиционерлерди айыптады

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш кыз-келиндерге карата зомбулуктун бардык түрүн, айрым милиция кызматкерлеринин 8-мартта зордук-зомбулукка каршы жүрүшкө чыккандарга жасаган мамилесин айыптап чыкты.